Түркия Буркина Фасодогу кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлиги кол салууда 14 аскер каза болуп, 7 аскердин жаракат алгандыгы билдирди.
1715294
Түркия Буркина - Фасонун Централь - Норд аймагында көп сандаган адамдын каза болушуна жана жаракат алышына себеп болгон кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кечээ Централь-Норд аймагынын Йирго отурукташуу пунктундагы аскердик лагерге жасалган кол салууда 14 аскер каза болуп, 7 аскердин жаракат алгандыгы билдирилди.
Маалыматта : "Бул кол салууну катуу айыптайбыз. Кол салууда каза болгондордун үй - бүлөсү менен дос жана боордош Буркина - Фасо калкы менен өкмөтүнө көңүл айтабыз. Жаракат алгандардын бат айыгып кетишин тилейбиз",- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.