Түркия Румынияга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги өрттөн каза болгондор үчүн көңү айтуу жарыялады.
1713520
Түркия Румынияга Констанца шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн 9 кишинин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги өрттөн каза болгондор үчүн көңү айтуу жарыялады.
Жазуу түрүндөгү маалыматта : "Румыниянын Констанца шаарындагы бир ооруканада бүгүн эрет менен өрт чыгып, каза болгодор жана жаракат алгандардын болушу бизди санааркатты. Бактысыз окуяда каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө, дос румын калкына, Румыния өкмөтүнө көңүл айтып, жаракат алгандардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп билдирилди.