Эрдоган:«Патриот системасы Түркияга сатылса, анда биз С-400дөрдү сатып алмак эмеспиз»

Американын New York Times (NYT) гезити, президент Эрдоган менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун жумасында өткөргөн маектешүүсүнүн С-400дөр бөлүмүн жарыялады

1712502
Эрдоган:«Патриот системасы Түркияга сатылса, анда биз С-400дөрдү сатып алмак эмеспиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алышы НАТО альянсына зыян келтирди деген сынды четке какты.

Эрдоган:«Эгерде америкалыктар Патриот ракетадан коргонуу системасын Түркияга саткан болсо, анда биз С-400дөрдү сатып алмак эмеспиз»,-деди.

Американын New York Times (NYT) гезити, президент Эрдоган менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун жумасында өткөргөн маектешүүсүнүн С-400дөр бөлүмүн жарыялады.

Эрдогандын кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон эки тараптуу жолугушуусуна байланыштуу жарыяланган кабардын бөлүмүнө караганда, Эрдогандын Орусиянын өнүккөн коргонуу системасын сатып алуу менен Батыштын негизги аскердик союзу болгон НАТОго зыян келтирип жатат деген сындарды четке какканы билдирилди.

Гезитке караганда, президент Эрдогандын NYT редакциясына жасаган билдирүүсүндө, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын Түркиянын курал жеткирүүчүлөрдү тандоо укугун тастыктаганын эске салып, «Биз өзүбүздүн куралдарды сатып алуудабыз»,деген сөздөрүн берди.

Ошондой эле, Эрдоган:«Эгерде америкалыктар Patriot ракетадан коргонуу системасын Түркияга саткан болсо, анда биз С-400дөрдү сатып алмак эмеспиз»,-деди.

Түркиянын С-400дөрдү сатып алышы АКШ менен болгон тирешүүгө татыктуубу деген суроого Эрдоган мындай деп жооп берди: «Менимче, бул татыктуу болчу. Биз өзүбүздүн коргонууну каалагандай бекемдей алабыз».

Президент Эрдоган, Түркия-АКШ карым-катнаштарынын принципиалдуу маанисин сактаганын баса белгилеп: «Түркиянын АКШ менен эзелки байланыштары бар. Муну сактоо жана бекемдөө керек»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар