Эрдоган Орусиянын Сочи шаарына барды

Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушат.

1712173
Эрдоган Орусиянын Сочи шаарына барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын Сочи шаарына барды.

Президент Эрдоганды Сочи эл аралык аэропортунда Краснадор облусунун губернаторунун орун басары Александр Руппел, Сочинин мэри Алексей Копайгородский, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун башкы директору Игорь Богдашев, Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, Новороссийск башкы консулу Фырат Баяр жана элчиликтин кызматкерлери тосуп алышты.

Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушат. Күн тартибинде Сирия болот.

Эрдоган алгач Тел-Рифат жана Манбиждеги ПККнын бар болушуна көңүл буруп, Астана келишимдерине ылайык террористтердин бар болушун токтотууга басым жасайт.

Президент ошондой эле Орусия көзөмөлдөгөн аймактардан Түркияга каршы жасалган акыркы кол салууларга карата болгон ыңгайсыздыкты да билдирет жана кол салууларга бөгөт коюлушун өтүнөт.

Идлиб жана Сириядан жаңы качкындар толкуну коркунучу да үстөл үстүндө боло турган жолугушууда, Ливия менен Ооганстан баш болгон учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат. Мындан тышкары Түркия-Орусия карым-катнаштары каралат.

Президент Эрдоган менен Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) төрагасы Хакан Фидан, Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Сочиге барды.



Тектеш кабарлар