Интерпол тарабынан изделген террорист жок кылынды

Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү.

1711536
Интерпол тарабынан изделген террорист жок кылынды

Улуттук чалгындоо уюму (MIT), Сириянын Камышлы аймагында жүргүзгөн операцияда Эл аралык полиция уюму (Интерпол) тарабынан кызыл билдирүү менен изделип жаткан жикчил террордук уюм ПККнын борбордук комитет мүчөсү Энгин Караасланды зыянсыздандырды.

"Хайдар Варто" каймана аттуу Карааслан ичинде болгон унаага Камышлы-Хасеке авто жолунун Эли Феро жергесинде куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен операция жүргүзүлдү.

Операцияда Интерпол тарабынан кызыл билдирүү менен издөөдө жүргөн жана террористтердин тизмесинде кызыл категорияда болгон Карааслан жок кылынды.

Энгин Караасландын Сирияда ушул кезге чейин таасирсиз кылынган эң жогорку деңгээлдеги террорист экени белгилүү болду.



Тектеш кабарлар