Түркия менен Польшанын кызматташтыгы улана берет

Түркиянын Варшавадагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Анадолу агенттигине маалымат берди.

1710998
Түркия менен Польшанын кызматташтыгы улана берет

Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алган Польша менен коргоо, экономика жана соода тармактарындагы карым-катнаштардын улана берери маалымдалды.

Түркиянын Варшавадагы элчиси Женгиз Камил Фырат Түркиянын ардактуу консулдугунун ачылышына барган Польшанын Вроцлав шаарында Анадолу агенттигине (АА) билдирүү жасады.

Түркия менен Польшанын ортосунда кеминде 600 жыл мурун дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлгөнүн эске салган Фырат, польшалыктардын Түркияга оң көз карашта караганын жана орток көптөгөн маданий жактардын бар экенин айтты.

Фырат, Польшанын президенти Анджей Дуданын май айында Түркияга келгенин эске салып, президент Режеп Таййип Эрдогандын да келерки жылы Польшага сапар жасашы күтүлүп жатканын билдирди.

Келерки аптада тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, андан кийин улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Польшага бара турганын билдирген Фырат, парламент менен аскердик делегациялардын өз-өзүнчө жолугушууларды өткөргөнүн жана карым -катнаштардын ылдам түрдө өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Фырат, Түркиядан Bayraktar (TB2) типтеги учкучсуз учактарды сатып алган Польша менен кызматташтыктын коргонуу тармагында да уланып жатканын айтып: «Бул башталышы. Калганы да келет»,- деди.



Тектеш кабарлар