Акыркы бир жумада 47 террорист жок кылынды

Улуттук коргоо министрлигинин жумалык маалымат брифингинде террор менен күрөшүү боюнча акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.

2140458
Акыркы бир жумада 47 террорист  жок кылынды

Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 47 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин жумалык маалымат брифингинде террор менен күрөшүү боюнча акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.

Буга ылайык акыркы бир жумада 47 террорист жок кылынып, 1-январдан бери жок кылынган террористтердин саны миңге жетти.

Мындан тышкары өткөн аптада Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жерлерден качкан жикчил террордук уюм ПККга мүчө  2 террорист Хабурдагы чек ара бекетине багынды.

Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  -  Кулпу"  операция аймагында улантылып жаткан издөө иштеринин негизинде да террористтерге таандык  4 бөлмөлүү бир үңкүр аныкталды. 

Үңкүрлөрдө ар кандай өлчөмдө; зениттик жана танкка каршы куралдар, ракета аткычтар, гранатометтор, миномёттор, автоматтар, снайпердик мылтыктар, алардын ок-дарылары, кол гранаталары, дүрбү, радиоприёмник жана башка көптөгөн материалдар колго түшүрүлдү.

"Чеңгел - Кулпу" операциясында ушул убакка чейин 931 террорист жок кылынды.

Операцияларда 1970 ар түрдүү калибрдеги курал-жарак жана 837 миң 630 ок-дары колго түшүрүлүп, 2 миң 741 мина/колдо жасалган жардыруучу заттар аныкталып, 1021 үңкүр/баш калкалоочу жай жараксыз абалга келтирилди.

 



Тектеш кабарлар