"Зайтун бутагы" аймагында 6 террорист жок кылынды

Сирияда «Зайтун бутагы» аймагына кол салуу үчүн даярданган ПКК/ЙПГнин 3 террористи жок кылынды.

1710319
"Зайтун бутагы" аймагында 6 террорист жок кылынды

Сирияда «Зайтун бутагы» аймагына кол салуу үчүн даярданган ПКК/ЙПГнин 6 террористи жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берген маалыматында : "Баатыр десанттарыбыз  Зайтун бутагы аймагында ийгиликтүү операцияны ишке ашырды. Коопсуздук жана тынчтык чөйрөсүн бузуу үчүн кол салууга даярдангандыгы белгиленген ПКК/ЙПГнин 6 террористи жок кылынды",- деп билдирилди. 

Аймакта мындан мурда да кол салуу үчүн даярданган ПКК/ЙПГнин 3 террористи жок кылынды. Бир тараптан Тунжелинин Пүлүмүр районунда жүргүзүлгөн операцияда террористтер колдонгон 5 бөлмөлүү баш калкалоочу жер колдонулбай турган абалга келтирилди. 

Баш калкалоочу жерде курал, ок - дары жана көп сандаган турмуштук материалдар колго түшүрүлдү. 

 

 

 



Тектеш кабарлар