Эрдоган жума намазынан кийин журналисттерге маалымат берди

Түркиянын АКШ жана Орусия менен мамилеси кандай?

1710184
Эрдоган жума намазынан кийин журналисттерге маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз Америка Кошмо Штаттары менен эки НАТО өлкөсү катары такыр башкача позицияда болушубуз керек»,- деди.

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттерге маалымат берип жатып: «Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын мамилелери ушул убакка чейин мен күткөндөй болгон жок жана (АКШнын президенти Жо) Байден мырза менен сүйлөшүүлөрдө да каалаган жыйынтыкка жетишилген эмес. НАТОнун эки өлкөсү катары биз такыр башкача позицияда болушубуз керек. Күтүлгөн абалда болбосо анда аларды да билдирүү зарыл»,-деп айтты.

АКШ лидерлеринин эч бири менен мындай көйгөй болбогонун айткан Эрдоган: «Америка учурда террордук уюмдарга күтүлгөндөн алда канча жогору колдоо көрсөтүп жатат. Аларга каршы күрөшүүнүн ордуна көп сандагы курал-жарак жана техникаларды берүүдө. Бул мамиле улана берсе биз дагы аларды дүйнөлүк коомчулукка билдиришибиз керек», - деди.

Президент Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путинден күтүүлөрүнүн болсо такыр башка экенин айтып: «Анткени Сириядагы режим тилекке каршы өлкөбүздүн түштүгүндө бизге коркунуч туудурууда. Бул жерде дос өлкө катары да мен тилектештигибиздин талабы боюнча Путин мырзадан, тагыраагы Орусиядан башкача мамилелерди күтөм. Биз бул күрөштү түштүктө биргеликте жүргүзүүбүз керек. Азыр көрүнүп тургандай АКШ Сирияга да анча кызыкдар эмес»,-деди.

Сирияда Түркия, Иран жана Орусиянын бар экенин түшүндүргөн Эрдоган: «Эгерде ал жерди да тынчтык аймагына айландыра турган болсок анда биз сүйлөшүүгө тийишпиз. Буларды талкуулайбыз. Биз Орусия менен эки тараптуу мамилелерибизди бир топ алдыга жылдырууга аракет кылып жатабыз. Анткени биздин максатыбыз соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүү»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар