Октай: «Коргоо өнөр жайында жаңы түшүнүктөрдү иштеп чыккан Түркия бар»

Фуат Октай, Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда өткөрүлгөн Авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFESTке барды.

1709768
Октай: «Коргоо өнөр жайында жаңы түшүнүктөрдү иштеп чыккан Түркия бар»
fuat oktay teknofest.jpg
fuat oktay teknofest.jpg
fuat oktay teknofest.jpg

Вице-президент Фуат Октай TEKNOFESTке сапары учурунда: «Азыр дүйнөдөгү бардык түшүнүктөрдү, коргоо өнөр жайындагы бардык парадигмаларды жок кылуу менен жаңы түшүнүктөрдү иштеп чыккан Түркия бар»,-деди.

Фуат Октай, Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда өткөрүлгөн Авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFESTке барды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын өткөн аптада айткан "Горизонтто чоң жана күчтүү Түркия силуэти пайда болду" деген сөздөрүн эске салган Октай: «Ошол силуэттин эмне экенин көргүсү келгендер бул фестивалга келишсе, муну абдан ачык көрүшөт. Бул жаштар ошол силуэттин өзү», - деди.

Отай: «Эми дүйнөдөгү бардык түшүнүктөрдү, коргоо өнөр жайы тармагындагы бардык парадигмаларды жок кылуу менен жаңы түшүнүктөрдү иштеп чыккан Түркия бар»,-деди.

Октай TEKNOFESTке барганда Түркияда билим берүү жана айыл чарба сыяктуу ар түрдүү тармактарда, ошондой эле коргонуу өнөр жайында технологиянын ылдам өнүгүшүн байкагандарын айтты.

Фестивалда бул максаттарга башталгыч класстан бери көңүл бурган жана ишенген жаштарды көргөндөрүн белгилеген Октай: «Бул долбоорлорду иштеп чыккандар менен интеграцияланган, команда болуп бир жүрөккө айланган жаштарды көрүп турабыз. Бизди кубандырган ушул, Түркиянын келечегин көрүп жатабыз. 200 миң жарышчы 36 башка тармакта иш алып барган бул TEKNOFESTтен Түркиянын келечеги, өнүгүүсү үчүн алда канча жакшы нерселер чыгат»,-деп айтты.

Фуат Октай андан соң TEKNOFESTке катышып жаткан жаш катышуучулар менен фотосүрөткө түштү.



Тектеш кабарлар