Алтун: «Дүйнө президент Эрдогандын чакырыгына кулак салышы керек»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Эрдогандын абдан тыгыз өткөн программасына байланыштуу билдирүү жасады.

1709526
Алтун: «Дүйнө президент Эрдогандын чакырыгына кулак салышы керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью –Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына болгон сапарын аяктап, Түркияга жөнөп кетти.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Эрдогандын абдан тыгыз өткөн программасына байланыштуу билдирүү жасады.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинде англис тилинде жасаган билдирүүсүндө, президент Эрдогандын көптөгөн кризистик аймактарга, өзгөчө Афганистан, Сирия жана Ливияга жардам берүү үчүн Түркеви имаратында көптөгөн эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнүн айтты.

Алтун:«Президент Эрдоган ар бир мүмкүнчүлүктө эл аралык кызматташтыктын жана тилектештиктин маанилүүлүгүн баса белгиледи»,-деди.

Ал Эрдогандын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы, миграция жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык маселелер боюнча эл аралык коомчулукка үлгүлүү лидерликти көрсөткөнүн баса белгиледи.

Алтун белгилегендей, президент Афганистанды стабилдештирүүгө жардам берүү ниетин өзгөчө белгилеп, «Эрдоган Түркия Афганистанга тынчтык орнотууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди»,-деди.

Нью-Йорк сапарынын дипломатиялык ийгиликтерди алып келгенин айткан Фахреттин Алтун, дүйнөнү президент Эрдогандын иш-аракетке чакырыгына кулак салууга чакырды.



Тектеш кабарлар