Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүнө болгон колдоосун улантууда

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич, Крымда өткөрүлгөн шайлоо тууралуу берилген суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1708424
Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүнө болгон колдоосун улантууда

Түркия Крымда өткөрүлгөн Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думанын шайлоосунун мыйзамдуу күчкө ээ эместигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич, Крымда өткөрүлгөн шайлоо тууралуу берилген суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Түркиянын Украинанын жеринин бүтүндүгүнө болгон колдоосун улантып жатканын белгилеген Билгич: «Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүнө колдоосун улантууда жана Крымдын мыйзамсыз аннексиясын тааныбайт. Ушул алкакта 2021-жылдын 17-19-сентябрында Крымда өткөрүлгөн Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын шайлоосунун Крымдагы жыйынтыктары Түркия үчүн мыйзамдуу күчкө ээ эмес»,-деди.

Бул учурда Европа Биримдиги (ЕБ) да Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крымда өткөрүлгөн шайлоону тааныбай турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар