Шентоп Европа Биримдигинин миграция, исламофобия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясаттарын сынга алды

Испанияга сапар менен барган Мустафа Шентоп борбор шаар Мадридде Испания жана түрк басма сөзүнө маалымат берди.

1708670
Шентоп Европа Биримдигинин миграция, исламофобия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясаттарын сынга алды

.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Европа Биримдигинин миграция маселеси, исламофобия жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу саясаттары бири бирине дал келбеген, чындык тышы жана калыстыктан алыс болгондугу менен сынга алды.

Испанияга сапар менен барган Мустафа Шентоп борбор шаар Мадридде Испания жана түрк басма сөзүнө маалымат берди. Шентоп Европадагы ислам душмандыгына көңүл буруп : «Бул тууралуу Түркия жана Испаниянын ортосундагы кызматташуудан үлгү алынышы керек», деген көз карашын билдирди.

Шентоп, Түркия жана Испаниянын тең төрагалыгында кадам ташталган Цивилизациялар союздаштыгы демилгесине миграция маселеси, исламофобия жана кагылышуулар болгон бул мезгилде дагы көп муктаждык болгондугун баса белгиледи.

Шентоп Европа Биримдигинин 2016 - жылдын март айында Түркия менен сириялык качкындар боюнча түзүлгөн келишимди толук аткарбаганын баса белгилеп : «Европа Биримдигинин Түркияда орундаткандары, берген убадаларынын 10дон бир бөлүгүн да түзбөйт. Алардын ордунда мен болсом коомчулукка бул тууралуу маалымат берип жатканда уялуу менен сүйлөмөкмүн»,- деди.

Шентоп Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу берилген суроолорго : «Чыгыш Жер Ортолук деңизин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндегилерге таштоодо пайда бар. Греция Чыгыш Жер Ортолук деңизинде эмес, Франциянын эч бир байланышы жок. Бирок эмнегедир Чыгыш Жер Ортолук деңиз дегенде баарынын табити ачылып жатат. Батыш Жер Ортолук деңизде ушундай абал боло турган болсо бир топ өлкө Франция жээктеринен бир нерселерди издегенге аракет кыла баштаса алар да тынчсызданышмак. Баары эл аралык мыйзамдан келген укуктарына ыраазы болушу керек. Түркия ар дайым мыйзамдын негизинде укуктарын коргойт»,- деп жооп берди.

Шентоп Ооганстандагы абалдарды да жакындан иликтешкендерин айтып : «Ооганстандын баары үчүн жашоого боло турган абалга келтирилиши, баары бирдикте кыймыл кылышы керектигин жана ортодогу адамзаттык трагедиянын күн тартибинин эң жогорусунда, эң алдыда болушу керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

1915 -  жылдагы окуялар тууралуу Европадагы айрым парламенттерде чыгарылган чечимдерди да мыйзамсыз жана тарыхый маалыматтардан алыс деп мүнөздөгөн Шентоп : «Биз Түркия катары тарыхта болгон окуялардын парламенттердин күн тартибинде орун алышын туура көрбөйбүз. Муну (жалган геноцидди) кабыл алган парламентарлардан айрымдары тарыхты да билишпейт»,- деди.

Шентоп Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы ийгиликсиз болгон төңкөрүш аракетинен кийин Испаниядан да талап кылынган түрк жарандарынын бар экендигин эске салып : «Чечимдер  кайрадан каралып жана бул кишилердин Түркияга тапшырылышына мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойбуз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар