Түркия Орусиядагы кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлиги Орусияда болгон куралдуу кол салуу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
1708293
Түркия Орусиянын Пермь мамлекеттик университетинде 8 кишинин өмүрүн алган куралдуу кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлиги Орусияда болгон куралдуу кол салуу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Билдирүүдө төмөнкү сөздөр орун алган: «Бүгүн Россия Федерациясынын Пермь мамлекеттик университетинде болгон 8 адамдын өмүрүн алган жана көптөгөн жарадар болгон куралдуу кол салууну айыптайбыз. Биз каза болгондордун жакындарына жана орус элине көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тез сакайып кетишине тилектешпиз».