Түркия терроризмге каршы күрөшүүгө чечкиндүү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар "Ардагерлер күнүнө" карата уюштурулган программада сөз сүйлөдү.

1707489
Түркия терроризмге каршы күрөшүүгө чечкиндүү

Терроризмге каршы күрөштүн алкагында 2015-жылдын 24-июлунан бери 18 миң 502, 2021-жылдын 1-январынан бери болсо 1976 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар (кечээ) "Ардагерлер күнүнө" карата уюштурулган программада (борбор шаар Анкарада) сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө: «Өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугун сактоо үчүн терроризмге каршы күрөшүбүздү өлкөнүн ичинде жана чек аранын тышында чечкиндүүлүк менен улантабыз»,- деди.

Акар: «Учурда терроризмди анын булагынан жок кылуу стратегиясы менен иш алып барып жатканыбызды баары көрүп жатышат. Бул канкорлордун качып кете турган же баш калкалаар жайы жок. Десанттарыбыз ар бир таштын астына карап, ар бир үңкүргө кирип, бул чыккынчыларды зыянсыздандыруу үчүн эмне керек болсо ошонун баарын кылышты жана кылышат. 2015-жылдын 24-июлунан бери 18 миң 502, 2021-жылдын 1-январынан бери болсо 1976 террорист таасирсиз кылынып, шейиттерибиз менен ардагерлерибиздин каны жерде калтырылган жок. Мындан кийин да калтырылбайт»,- деди.

Күрөштүн акыркы террорист таасирсиз кылынганга дейре улана турганын билдирген Акар, операциялардын жүргүзүлүп жатканын айтты.

Акар террорду токтотууга жана түрк улутун бул балээден куткарууга чечкиндүү экендиктерин баса белгиледи.   



Тектеш кабарлар