Эрдоган: «Аккую атомдук электр станциясынын биринчи агрегаты 2023-жылы ишке берилет»

Эрдоган социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1707562
Эрдоган: «Аккую атомдук электр станциясынын биринчи агрегаты 2023-жылы ишке берилет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Мерсинде курулуп жаткан Аккую атомдук электр станциясынын биринчи агрегатынын 2023-жылы (Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгы) ишке берилерин айтты.

Эрдоган социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Өз тармагында эң жаңы жана эң коопсуз технология менен курулган Түркиянын атомдук электр станциясынын биринчи агрегатын буйруса 2023-жылы ишке киргизебиз»,-деди.

Билдирүүдө: «Дүйнөнүн 32 өлкөсүндө 443 атомдук станция иштеп жатат жана 19 өлкөдө 51 АЭС курулуп жатканда Түркияны бул мүмкүнчүлүктөн ажыратууну каалагандардын башка максаты бар» деген Эрдоган: «Аккуюдагы объект өндүрө турган электр энергиясы менен өнүгүшүбүзгө, көмүр кычкыл газын азайтуу менен экологиябызга жана технологиясы менен бул жааттагы жетишкендиктерибизге абдан маанилүү салым кошот. Климаттын өзгөрүүсү боюнча талкуулар күчөп жаткан учурда, бизге окшогон өлкөлөр үчүн эң маанилүү энергия булагы атомдук станцияларга жетүүгө мүмкүндүк бере турган кадамдарды таштоо»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар