Акар: «Түркия менен Кипр түрктөрү катышпаган долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жок»

Хулуси Акар (кечээ) "Ардагерлер күнүнө" карата уюштурулган программада сөз сүйлөдү.

1707510
Акар: «Түркия менен Кипр түрктөрү катышпаган долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жок»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркия менен Кипр түрктөрү катышпаган эч бир долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

Хулуси Акар (кечээ) "Ардагерлер күнүнө" карата уюштурулган программада (борбор шаар Анкарада) сөз сүйлөдү.

Акар өз сөзүндө Кипр менен бирге Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги, Эгейдеги (Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын) укук жана кызыкчылыктардын корголушу үчүн кургактыкта, деңизде жана абада иш-аракеттердин чечкиндүүлүк менен улантылып жатканын айтты.

Акар: «Биз менен коңшубуз Грециянын ортосундагы көйгөйлөрдүн эл аралык мыйзамдын негизинде, тынчтыкчыл ыкмалар менен жакшы коңшулук мамилелердин алкагында жана өз ара диалог аркылуу чечиле аларына чын дилибизден ишенебиз. Бул үчүн да чоң аракеттерди көрүп жатабыз. Эки мамлекеттүү, эгемен теңдикке негизделген, көз карандысыз эки мамлекеттин азыр биздин Кипрдеги улуттук маселебизде бирден-бир чечим экенин баары билиши жана көрүшү керек. Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркия менен Кипр түрктөрү катышпаган эч бир долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жок»,-деп билдирди.

Министр Акар азербайжандыктардын, ливиялыктардын адилеттүү доосунда да колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар