Эрдоган: «Биз дүйнөдөгү эң жогорку өсүш көрсөткүчтөрүнө жеттик»

Эрдоган Кыршехирде «2021 ЮНЕСКОнун Ахи Эвранды эскерүү жылынын Ахи Эврандын изинде соодагерлердин жолугушуусу» программасына катышты.

1706903
Эрдоган: «Биз дүйнөдөгү эң жогорку өсүш көрсөткүчтөрүнө жеттик»
erdoğan.jpg

 

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «Биз көргөн чаралар жана киргизген ишке ашыруулардан улам дүйнөдөгү эң жогорку өсүш көрсөткүчтөрүнө жеттик»,-деди.

Эрдоган Кыршехирде «2021 ЮНЕСКОнун (Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият уюму) Ахи Эвранды эскерүү жылынын Ахи Эврандын изинде соодагерлердин жолугушуусу» программасына катышты.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө президент Эрдоган: «Биз дүйнөдөгү эң жогорку өсүш көрсөткүчтөрүнө жеттик. Биз экспортто рекорддорду жаңылап жатабыз. Жумуш менен камсыздоо эпидемияга (Ковид-19)мчейинки мезгилден да ашып кетти»,-деп айтты.

Кийинчерээк Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Киршехир облус башчылык имаратынын ачылыш аземине катышты.

Президент бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «2021-жыл ЮНЕСКО тарабынан Улуу Ахи Эврандын төрөлүшүнүн 850 жылдыгына карата Ахи ​​Эвран жылы деп жарыяланган. Бул жыл ошондой эле Юнус Эмре менен Хажы Бекташ-и Велинин жылы, анткени алардын өлүмүнүн 700 жана 750 жылдыгы. Биз жылдын башынан бери уюштурган ар кандай программаларыбыз менен чоң мааниге ээ болгон мааракелерди максималдуу түрдө өткөрүүгө аракет кылып келебиз. Келечегибиздин гаранты болгон жаштарыбыздын Анадолунун руханий архитекторлорун билүүсүн жана түшүнүүсүн каалайбыз».



Тектеш кабарлар