Эрдоган: «Түркиянын чоң жана күчтүү силуети горизонтто»

Президент Эрдоган Президенттик комплексиндеги «Жумушчулар менен жолугушуу» программасына катышты.

1706145
Эрдоган: «Түркиянын чоң жана күчтүү силуети горизонтто»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы мезгилде өнөр жай өндүрүшүнүн, экспорттун, жумуштуулуктун жана өсүштүн ылдам өсүшү менен жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынан мурунку мезгилди басып өткөнүн белгилеп, «Түркиянын чоң жана күчтүү силуети горизонтто»,-деди.

Президент Эрдоган Президенттик комплексиндеги «Жумушчулар менен жолугушуу» программасына катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын акыркы 19 жылда жумуш орундарынын санын 9,5 миллионго көбөйткөнүн жана кызматкерлеринин киреше деңгээлин бир нече эсе жогорулатканын баса белгилеп,«Биздин улуттук кирешебиз түрк лирасы менен болжол менен 11 эсе көбөйсө, минималдуу эмгек акы дээрлик 16 эсеге өстү. Биз өлкөбүзгө алып келген жумуштар жана кызматтар менен жыргалчылыктын деңгээлин жогорулатуу үчүн күрөштүк»,-деди.

Ал өз сөзүндө: «Өнөр жай өндүрүшүнүн, экспорттун, жумуштуулуктун жана өсүштүн тез өсүшү менен биз пандемияга чейинки мезгилден ашып өттүк»,-деп айткан президент Эрдоган мындай деди:«Көрсөткүчтөр экономиканын позитивдүү жогорулоосу мындан ары дагы жогорулай турганын көрсөтүүдө. Түркиянын чоң жана күчтүү силуети горизонтто »,-деп айтты.

Эрдоган:«Түркия өсүп, байыган сайын, ар бир жарандын жыргалчылык деңгээли жогорулайт. «Өлкөбүздү дүйнөдөгү эң чоң 10 экономиканын катарына кошобуз» дегенде, муну ар бир катмар үчүн айтабыз. Урпактарыбызга баары кыялданган өлкөнү калтырып кетерибизге эч ким шектенбеши керек»,-деди.



Тектеш кабарлар