Түркия-Египет сүйлөшүүлөрү

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Түркия-Египет консультацияларынын экинчи айлампасынын 7-8-сентябрда Анкарада өттү.

1705011
Түркия-Египет сүйлөшүүлөрү

Тышкы иштер министринин орун басарлары жетектеген делегациялардын ортосунда Түркия-Египет изилдөө консультацияларынын экинчи айлампасы борбор шаар Анкарада аяктады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Түркия-Египет консультацияларынын экинчи айлампасынын 7-8-сентябрда Анкарада Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал жана Египеттин Тышкы иштер министринин орун басары элчи Хамди Лоза жетектеген делегациялардын ортосунда өткөрүлгөнү белгиленди.

Жолугушууда эки тараптуу маселелерден тышкары, кээ бир аймактык темалар, анын ичинде Ливия, Сирия, Ирак, Палестина жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар да талкууланды.

Билдирүүдө ошондой эле, «Тараптар талкууланган маселелер боюнча прогресске жетишүү жана мамилелерди нормалдаштыруу үчүн мындан аркы кадамдарды жасоого болгон каалоолорун ырасташты жана консультацияларды улантууну макулдашышты», делди.

Түркия менен Египеттин делегацияларынын эки күнгө созулган сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 6 -майда Каирде болгон.



Тектеш кабарлар