Президент Эрдоган: «Түркия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштө жалгыз калтырылды»

Эрдоган Докуз Эйлүл университети жана Башкент университети тарабынан уюштурулган «Аралдар деңизи жана Греция менен кошуна мамилелер проблемалары» симпозиумуна видео кайрылуу жөнөттү.

1705406
Президент Эрдоган: «Түркия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштө жалгыз калтырылды»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, «Түркия Сириядан келген мыйзамсыз миграцияга жол бербөө үчүн өзгөчө күрөштө жалгыз калтырылды»,- деди.

Эрдоган Докуз Эйлүл университети жана Башкент университети тарабынан уюштурулган «Аралдар деңизи жана Греция менен кошуна мамилелер проблемалары» симпозиумуна видео кайрылуу жөнөттү.

Президент Эрдоган мындай деди: «Эгей деңизи кызматташтыктын жана тынчтыктын символу болушу керек болсо да, тилекке каршы, акыркы жылдары гуманитардык трагедиялар менен күн тартипке чыкты. Сирияда 11 жылдай уланып жаткан жарандык согуштан жана кыргындардан качкан миңдеген иммигранттар Эгей деңизинде өмүрүнөн айрылды. Качкындарды өз жерлеринде коопсуз жана бакубат жашата турган эч бир кадам ташталган жок. Түркия Сириядан келген мыйзамсыз миграцияга жол бербөө үчүн өзгөчө күрөштө жалгыз калтырылды. Сириянын эзилген элдерине жабылган эшиктердин өлкөбүздө төңкөрүш аракетин кылган, 251 жарандын канын төккөн ФЕТӨчу (Фетхуллахчы Террордук Уюм) канкорлоруна ачылганы адамзат үчүн уят булагы».

Грециянын Түркиянын жакшы ниеттенген аракеттерине олуттуу салым кошуунун ордуна, бул абалдын алдында максималисттик саясатын ылдамдатканына көңүл бурган Эрдоган: «Качкындар кризиси эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө себепчи болушу мүмкүн болсо да, бул тарыхый мүмкүнчүлүк Грециянын ымырасыз позициясынан улам текке кетти»,-деди.

Түркиянын Эгей деңизинин өткөндөгүдөй чыңалуу жана чыр -чатак менен эмес, достук менен эсте калуусун каалаганын баса белгилеген Эрдоган, бул түшүнүк менен ушул убакка чейин чыңалууну күчөткөн тарап болбош үчүн этият болгондорун айтты.

Президент Эрдоган, коңшу Грециянын кадамдарына, айрыкча деңиз юрисдикция аймактарына, аралдардын аскердик эмес статусунун бузулушуна жана Navtexтин (моряктарга жарыялоо) жарыяларына каршы дайыма сабырдуу иш кылышканын, маселелерди диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнү алдыңкы орунга койгондорун эске салды.

Режеп Таййип Эрдоган сөзүн мындай улантты: «Биз коңшубуз Греция биздин укуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды урматтайт, жасалма жана бир жактуу аракеттерден алыс болот деп күтөбүз. Мен, Греция менен коңшулуктун мыйзамын сактоо менен, адилеттүүлүккө жана кызматташтыкка негизделген чечимдерди табабыз деп ишенем».



Тектеш кабарлар