Шентоп түрк коомчулугунун өкүлдөрүн кабыл алды

Шентоп, андан кийин Түркиянын БУУнун Вена кеңсесиндеги туруктуу өкүлү элчи Ахмет Мухтар Гүн тарабынан берилген кечки сый тамакка катышты.

1704386
Шентоп түрк коомчулугунун өкүлдөрүн кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Парламенттер аралык бирликтин 5-Дүйнөлүк парламент башчыларынын конференциясына катышуу үчүн барган Австриянын борбору Венада түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Мустафа Шентоп сапарынын алкагында Түркиянын Венадагы элчилигинде, болжол менен бир жыл мурун Венада болгон террордук кол салууда жаракат алганына карабай полиция кызматкерин куткарган Режеп Тайип Гүлтекин менен Микаил Өзенди кабыл алды. Жолугушууда бул террордук кол салууда болгон учурлар сүйлөшүлдү.

Андан соң Венада түрк коомчулугунун өкүлдөрүн кабыл алган Шентоп, жарандар менен бир аз баарлашып эстеликке фотосүрөткө түштү.

Шентоп, андан кийин Түркиянын БУУнун Вена кеңсесиндеги туруктуу өкүлү элчи Ахмет Мухтар Гүн тарабынан берилген кечки сый тамакка катышты.

Кабыл алуу боюнча социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасаган Шентоп: «5-Дүйнөлүк парламент башчыларынын конференциясына катышуу үчүн барган Австрияда Венадагы Түркиянын элчилигинин резиденциясында түрк коомчулугунун өкүлдөрүн кабыл алдык»,-деди.



Тектеш кабарлар