Эрдоган: «Түркия гидроэлектр кубаттуулугу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет»
Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасынан Түркиянын гидроэлектростанциялары тууралуу маалымат бөлүштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын гидроэлектр кубаттуулугу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына киргенин айтты.
Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасынан Түркиянын гидроэлектростанциялары тууралуу маалымат бөлүштү.
«Биз башкарып турган мезгилде курган ГЭСтерибиз менен Түркияны бул тармакта Кудайга шүгүр такыр башкача өлчөмгө жеткире алдык. Биз мындан ары да инвестиция салууну үзгүлтүксүз улантып, энергетикада өлкөбүздү буюрса дагы алдыга чыгарабыз. Бизге ишениңиздер» деген Эрдоган Түркиянын гидроэнергетикалык кубаттуулугу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына киргенин айтты.
Президент Эрдоган, Түркиянын 31 миң 436 мегаватт кубаттуулуктагы 735 ГЭСи бар экенин жана жалпы электр энергиясын өндүрүүдө гидроэлектростанциянын үлүшү 20,1 пайызга жеткенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.