Эрдоган: «Ооганстандагы процессти кылдаттык менен байкоодобуз»

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Феликс Тшисекеди менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1704203
Эрдоган: «Ооганстандагы процессти кылдаттык менен байкоодобуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ооганстандагы башкарууну колго алган талибдер жарыялаган убактылуу өкмөткө байланыштуу, «Биздин милдет - бул процессти кылдаттык менен байкоо»,деген баасын берди.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Конго Демократиялык Республикасынын Президенти Феликс Тшисекеди менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Өз сөзүндө талиптердин Ооганстандагы убактылуу өкмөтү тууралуу жарыясына баа берген Эрдоган: «Биз бул убактылуу кабинет канчага чейин иштээрин билбейбиз. Биздин милдет - бул процессти кылдаттык менен байкоо»,-деди.

Кабул аэропортунун иштетилиши темасына токтолгон Эрдоган: «Бизде башынан эле позитивдүү мамиле болгон. Биз жеткен чекитте, бул оң жылыштар биз үчүн азырынча жеткиликтүү эмес. Эгерде биздин принциптерибизге карата оң процесс уланса, биз ага карата оң мамилени сунуштайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган өз сөзүндө Африканын жакшыраак континентке болгон көз карашын бөлүшкөндөрүн баса белгилеп, «Биз континенттин көйгөйлөрүнүн эң реалдуу чечимдерин африкалык бир туугандарыбыз табат деп ишенебиз. Африка менен болгон мамилебиздин маңызы - бул чын ыкластуулук, бир туугандык жана тилектештик»,деген пикирин айтты.

«Мен премьер -министрлик жана президенттик кызмат учурунда Африканын 28 өлкөсүндө болдум. Биз континент менен болгон мамилелерибизде жетишкен бул күчтүү карым-катнашты мындан ары дагы көтөрөбүз»,-деп айткан президент Эрдоган: «Түркия-Африка Өнөктөштүк Саммитинин 3-жыйынын өткөрүүнү да талкууладык. Биз даярдык процессибизди жүргүзөбүз. Мен президент мырза Тшисекедиге бул сапар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз ишкерлерибиздин арасында жаңы процессти баштоо жөнүндө сүйлөштүк. Учурдагы соода көлөмү эки өлкөнү чагылдырган соода көлөмү эмес. Биринчи кезекте биз 250 миллион долларлык соода көлөмүн аныктоону чечтик. Биз Конго Демократиялык Республикасына жооп иретинде визит менен барабыз »,-деп айтты.

Түркия менен Конгонун ортосундагы кызматташтыктын жана достук мамилелердин күчтөнөрүн баса белгилеген Эрдоган: «Биз ушул жерде ноябрь айынын 2 -жарымында Түркия- Африка саммитин уюштуруу маселесин талкууладык»,-деди.



Тектеш кабарлар