Эрдоган жаңы элчилерди кабыл алды
Үч элчи Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырышты.
1701103
Филиппин, Боливия жана Тажикстандын Анкарадагы элчилери президент Режеп Таййип Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырышты.
Президенттик комплекстеги кабыл алууда Филиппиндин Анкарадагы элчиси Мария Елена Пало Алгабре, Боливиянын Анкарадагы элчиси Эдгар Адольфо Сежас Вера, Тажикстандын Анкарадагы элчиси Ашрафжон Шералиевич Гулов президент Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырып элчиликтин айрым мүчөлөрүн тааныштырышкандан кийин эстеликке фотосүрөткө түшүштү.