Эрдоган менен Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Кыргызстан карым-катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана аймактык маселелер талкууланды.

1699829
Эрдоган менен Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Кыргызстан карым-катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана аймактык маселелер талкууланды.

Кыргызстандын президенти Жапаров сүйлөшүүдө Түркиянын 30-август Жеңиш күнү менен куттуктаса, президент Эрдоган да Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Түркиянын 30 жыл мурун Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган жана Бишкекте элчилигин ачкан биринчи өлкө болгонуна көңүл бурган президент Эрдоган, мындан ары да боордош Кыргызстандын туруктуулугуна, гүлдөп өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турганын айтты.

Президент Эрдоган, акыркы 30 жылдын ичинде Түркия-Кыргызстан карым-катнаштарынын ар бир тармакта өнүккөнүн жана институтташтыруусун көрүп кубанганын белгилеп, бул жылы эки өлкөнүн карым-катнаштарын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүнүн 10 жылдыгын белгилегенине көңүл бурду.

Президент Эрдоган, бирдей тилден, динден, маданияттан жана тарыхтан күч алган Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык кызматташтык дагы да күчтөнөрүнө ишенимин билдирди.

Эки лидер Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди тереңдетүү үчүн кадамдарды улантууну макулдашты.



Тектеш кабарлар