Эрдоган: «Сел жана өрттөн жабыр тарткандардын чыгымдарын мамлекет калыбына келтирет»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Жаштарга арналган шаарлар конгресси жана көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү.

1696664
Эрдоган: «Сел жана өрттөн жабыр тарткандардын чыгымдарын мамлекет калыбына келтирет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, сел жана өрттөн жабыр тарткандардын чыгымдарын мамлекет калыбына келтире турганын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Жаштарга арналган шаарлар конгресси жана көргөзмөсүндө сүйлөгөн сөзүндө сел жана токой өртүнөн жабыркаган жарандардын чыгымдары тез арада калыбына келтириле турганын баса белгилеп, «Биздин өкмөт Ван жана Элазыгдагы жер титирөөлөрдөн кийин өз жарандарына берген убадасын аткаргандай эле, селден (Батыш Кара деңиз аймагында) жана өрттөн дагы (өлкөнүн көп жерлериндеги токой) жабыркагандардын чыгымдарын калыбына келтирет. Биздин улут ушул оор күндөрдү да ашып өтөт»,деп айтты.

Урбанизмде маалымат жана технология менен жаңы доордун киргенин белгилеп, адамдарды борборго койгон шаарлардын ордуна заманбап убакта өндүрүш жана өнөр жай борбордо турган урбанизм моделдери келгенине токтолгон Эрдоган: «Өзгөрүп жаткан шарттарга жана социалдык талаптарга ылайык саясатты аныктоо биздин муниципалитеттер үчүн тандоо эмес, зарылчылык. Биздин жаштар жергиликтүү бийликке жана кызматтарга байланыштуу чечим кабыл алуу механизмдеринде активдүү роль ойногусу келет. Мен жаштарга арналган шаар мамилесин абдан маанилүү деп эсептейм»,-деди.

Түркиянын президенти катары бул өлкөнүн жаштарына кызмат кылгандыгы үчүн абдан бактылуу экенин айткан Эрдоган: «Түркияда сиздей жаштар болсо, биздин эртеңкибиз азыркыга караганда жакшы болот деп ишенем»,-деди.

Президент алар алдыдагы мезгилде жаштарды чечим кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине көбүрөөк тарта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар