Украина Крым тууралуу Түркияга ыраазычылык билдирди

Украина Крым татарларынын укуктарын коргоого карата демилегелеринен улам Түркияга ыразы экенидигин билдирди.

1695839
Украина Крым тууралуу Түркияга ыраазычылык билдирди

 Украина Крым татарларынын укуктарын коргоого карата демилегелеринен улам Түркияга ыразы экенидигин билдирди.

Украинанын Анкарадагы элчилигинин ишенимдүү адамы Наталья  Лопатина өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынынан улам жазган жазууда, Украина парламентинин 1991 -  жыл 24 -  августта «Көз карандысыздык билдирүүсү мыйзамын» кабыл алгандыгын эске салды.

Лопатина Россиянын 2014 -  жылы бардык эл аралык мыйзам нормаларын бузуп, Украинанын бир бөлүгү болгон Крымды басып алуу жана аннексия кылгандыгын белгилеп, мунун Украина жана Крым үчүн бир топ тескери таасиринин болгонуна көңүлдөрдү бурду.

Лопатина Украинанын жергиликтүү калкы Крым татарларынын ата мекени жана туризм борбору катары билинген Крым жарым аралынын өзгөчө Крым татарларынын адам укуктары бузулган бир жерге айлангандыгын белгиледи. Лопатина жазуусунда бүгүн борбор шаар Киевде өткөрүлө тургн Крым платформасы саммитине токтолуп : «Бул маанилүү жыйынга 44 өлкөдөн жана эл аралык уюмдан делегациялар катышат. Жыйынга катыша турган ысымдардын арасында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Түркия Улуттук Парламентинин депутаттары Ахмет Йылдыз менен Мехмет Алтай бар. Түркия менен стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө чоң маани беребиз жана Анкарага Украинанын эгемендиги менен жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөтүүсү, Россиянын Крымды аннексиясын кабыл албоо тууралуу өзгөрбөгөн мамилеси жана Крым татарларынын укук жана кызыкчылыктарын коргоого карата демилгелеринен улам ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар