Хулуси Акар IDEF 21дин негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Акар Тогонун коргоо министри Маргерит Гнакаде менен да жолугушту. Жолугушуудан кийин Акар менен Гнакаде аскердик алкактык келишимге кол коюшту.

1694390
Хулуси Акар IDEF 21дин негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 15 -  Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкеси IDEF 21дин негизинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Министр Акар Чаддын армия, ардагерлер жана согуш курмандыктары боюнча жооптуу министри Дауд Брахим, Буркина Фасонун коргоо министри Айме Бартелеми, Мавританиянын коргоо министри Хенена Олд Сиди жана Экватор Гвинеясынын коргоо министри Викториано Бибанг Нсуэ Окомо менен өзүнчө жолугушту.

Акар Тогонун коргоо министри Маргерит Гнакаде менен да жолугушту. Жолугушуудан кийин Акар менен Гнакаде аскердик алкактык келишимге кол коюшту.

Министр Акар, Шри - Ланканын коргоо министрлигинин кеңешчиси Камал Гунаратне, Румыниянын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ион Опришорду да кабыл алды.



Тектеш кабарлар