ЕБ Түркиянын COVID-19 сертификатын таануу чечимин кабыл алды
ЕБ Комиссиясы 3 өлкөнүн Ковид-19 эмдөө сертификаттарына "эквиваленттүүлүк" берүү чечими кабыл алынганын жарыялады.
Европа Биримдиги (ЕБ) 3 өлкөнүн, анын ичинде Түркиянын коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө сертификатын таануу чечимин кабыл алды.
ЕБ Комиссиясы Түркия, Түндүк Македония жана Украина тарабынан колдонулган Ковид-19 эмдөө сертификаттарына "эквиваленттүүлүк" берүү чечими кабыл алынганын жарыялады.
Билдирүүдө, чечимдин 20-августтан тартып күчүнө кирери жана 3 өлкөнүн ЕБнин эмдөө сертификаттары системасына кошулаары, алар берген эмдөө сертификаттарынын "ЕБнин санариптик COVID сертификаттарынын" шарттарына ээ экени жана ЕБ өлкөлөрүндө да кабыл алынары маалымдалды.
Бул 3 өлкөнүн да ЕБ тарабынан берилген эмдөө сертификатын тааный тургандыгы белгиленген билдирүүдө, мунун эки тараптуу түрдө коопсуз саякатты жеңилдетери белгиленди.
ЕБ тарабынан пандемия учурунда саякаттоону жеңилдетүү үчүн даярдалган эмдөө сертификатынын тартиби 1-июлда күчүнө кирген.
Саякат учурунда тез-тез текшерилип туруучу эмдөө сертификаты бардык ЕБ өлкөлөрү менен бирге Исландияда, Лихтенштейнде, Норвегияда жана Швейцарияда жарактуу.