Ооганстандан эвакуацияланган түрк жарандары
Талиптер Ооганстандын борбору Кабулду басып алгандан кийин мекенине кайтууну каалаган түрк жарандарын эвакуациялоо уланууда.
Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык учак менен Ооганстандан Пакистандын борбору Исламабадга жеткирилген 42 түрк жаранынын 22си кечээ Түркияга келди.
Талиптер Ооганстандын борбору Кабулду басып алгандан кийин мекенине кайтууну каалаган түрк жарандарын эвакуациялоо уланууда.
Эвакуациянын алкагында Аскердик аба күчтөрү командирлигине таандык учак дүйшөмбү күнү кечинде Кабулдагы "Хамид Карзай" эл аралык аэропортунда түрк жарандарын куткаруу үчүн Кабулга жөнөгөн.
Кабулда аэропорттогу башаламандыктан улам аймакка коно албаган Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык А400 тибиндеги аскердик учак Пакистандын борбору Исламабадга жөнөтүлгөн.
Кабул аэропортундагы баш аламандык токтогондон кийин учак кайра учуп, 42 түрк жаранын Ооганстандан Исламабадга алып келген.
Исламабадга алып келинген 42 түрк жаранынын 22си Түрк аба жолдорунун учагы менен 10:30да Стамбул аэропортуна конду.
Кабулдан эвакуацияланып Исламабадга жеткирилген бирок учактар толуп калгандыктан орун таба албаган 20 түрк жараны башка рейс менен мекенине кайтып келери белгилүү болду.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.