Октай: «Аралда эки тең укуктуу эл, эки тең укуктуу мамлекет бар»

Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Эрсан Санерди кабыл алды.

1693123
Октай: «Аралда эки тең укуктуу эл, эки тең укуктуу мамлекет бар»

Вице-президент Фуат Октай Кипр түрк эли убактысын текке кетирбей турганын айтып: «Бүгүнкү күндө аралда эки тең укуктуу эл, эки тең укуктуу, эгемендүү, көз карандысыз мамлекет бар»,-деди.

Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (КТРК) премьер-министри Эрсан Санерди Стамбулдагы Президенттик Долмабахче иш кеңсесинде кабыл алды.

«Кипрдин биздин тышкы саясатыбызда, Кипр түрктөрүнүн да жүрөгүбүздө өзгөчө орунга ээ экенин ар бир жолу баса белгилеп келебиз» деген Октай: «Бирок бул позитивдүү түшүнүккө тилекке каршы Кипрдин Рум бөлүгү тарабынан эч качан жооп кайтарылган эмес. Кипр түрк элинин текке кетире турчу дагы 50 жылы жок. Биз муну кайра-кайра айттык жана бүгүн дагы айтып жатабыз. Аралда учурда эки тең укуктуу эл, эки тең укуктуу, эгемендүү, көз карандысыз мамлекет бар», деп билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы тарабынан Марашта ташталган кадамдарды жана келечектеги пландарын Түркиянын ошол түшүнүк менен колдогонун айткан Октай: «Мараш демилгеси толугу менен эл аралык мыйзамдарга ылайыктуу кадамдардан турат. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бийлиги жаңы нааразычылыктарды жаратуу үчүн эмес, болгон нааразычылыктарды жоюуну максат кылат»,- деди.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде газ издөө жана бургулоо иштерине токтолгон Октай: «Мен Түркия менен ТКТРдин кадамдарын провокация катары көрсөтүүгө аракет кылган менталитетке кайрылгым келет: Түркия өзүнүн континенттик текчесинде өз укуктарын, Кипр аралынын тең укуктуу жана жалпы ээлери болгон кипрдик түрктөрдүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын да коргоого чечкиндүү экенин көрсөттү. Бул чечкиндүүлүк бүгүнкү күндө дагы күчүндө», деп маалымдады.

Түндүк Кипрдин премьер-министри Санер да: «Жер Ортолук деңизинде "Көгүлтүр мекен" деп аталган аймакта Түркия менен ТКТР жаратылыш газын изилдөө иштерин үзгүлтүксүз улантышат. Түркия биз менен болгондуктан Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаратылыш газын иштетүүгө эч ким тоскоолдук кыла албайт. Кипр түрк элинин текке кетире турчу дагы 50 жылы жок»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар