Президент Эрдоган Анкарада завод жана инфраструктуранын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү
Р. Т. Эрдоган Түркиянын экономикада, айыл - чарбада, соодада ийгиликтерин жогорулаткандыгын айтты.
Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын экономикада, айыл - чарбада, соодада ийгиликтерин жогорулаткандыгын айтты.
Эрдоган борбор шаар Анкарада завод жана инфраструктуранын ачылуу аземинде сөз сүйлөп : «2021 - жылдын биринчи чейрегинде 7 пайыздык өсүүгө жетиштик. Буюрса экинчи чейректи да олуттуу бир өсүү менен жабабыз»,- деди.
Түрк экономикасынын талап, өндүрүш жана экспорт жактан тең салмактуу бир сызыкта алдыга жылып, күндөн күнгө демилгечи экономикасына айлангандыгын айткан Эрдоган : «Түркия өзгөчө өндүрүш жана экспортто дүйнөдө эми жаңы бир лигага жогорулап баратат»,- деди.
Эрдоган : «Буюрса 2021 – жылы бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча күткөндөн да чоң ийгиликтерге ээ болобуз деп үмүттөнөм»,- деди.
«Экологияны зыянга учураткан ар бир технология турмушубузду канчалык жеңилдетсе да, оозу адамга караган куралдан башка эч нерсе эмес»,- деген Эрдоган : «Алдыбыздагы мезгилде жашыл экономиканын артында калбаш үчүн кошумча чараларды турмушка ашырабыз»,- деп билдирди.
Президент экосистеманы бузган ар бир кадамдын акыры бир апаат экендигин да белгилеп : «Бул үчүн жапайы болуп өсүүнүн ордуна мээримдүү болуп өсүү принцибин сакташыбыз керектигине ишенем»,- деди.