Абдулфеттах аль-Бурхан бүгүн Түркияга келет
Кызматташууну жакшыртуу кадамдары талкуулана турган жолугушууларда аймактык жана эл аралык маселелер, ошондой эле эки тараптуу карым-катнаштар боюнча пикир алмашуу пландалууда.
Судандын Эгемендик кеңешинин төрагасы генерал Абдулфеттах аль-Бурхан президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча бүгүн Түркияга расмий сапар менен келет.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Судандан Түркияга мамлекет башчы деңгээлде жасала турган бул биринчи сапардын алкагындагы жолугушууларда, бир туугандык байланыштар жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде калыптанган Түркия-Судан карым-катнаштары ар тараптуу каралып чыгат.
Кызматташууну жакшыртуу кадамдары талкуулана турган жолугушууларда аймактык жана эл аралык маселелер, ошондой эле эки тараптуу карым-катнаштар боюнча пикир алмашуу пландалууда.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.