Түркия вакциналардын жалпы саны боюнча дүйнөдө 8-орунда
Дүйнө жүзү боюнча Ковид-19га каршы колдонулган вакцина 4 миллиард 480 миллион дозадан ашты.
Түркия коронавируска (Ковид-19) каршы эң көп эмделген 8-өлкө болду.
Дүйнө жүзү боюнча Ковид-19га каршы колдонулган вакцина 4 миллиард 480 миллион дозадан ашты.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Түркияда болсо ушул күнгө чейин 78 миллион 552 миң 659 доза вакцина сайылды.
Түркия вакциналардын жалпы саны боюнча дүйнөдө 8-орунду ээледи.
Вакцинанын биринчи дозасы өлкө боюнча 42 миллион 415 миң 458 кишиге, экинчи дозасы 30 миллион 206 миң 124 кишиге берилди.
Кытай 1 миллиард 780 миллион доза менен эң көп вакцина алган өлкө болсо; Бул өлкөдөн кийин 508 миллион 660 миң менен Индия жана 351 миллион 930 миң менен Америка Кошмо Штаттары турат.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.