Түркия Малиге көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
Түркия Малидеги террордук кол салууларда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө төмөнкү сөздөр камтылды:
«Малинин Гао аймагында 2021-жылдын 8-августунда жарандарды бутага алган террордук кол салуулардын натыйжасында 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганы терең кайгыга салды.
Биз бул канкор террордук кол салууларды катуу айыптайбыз, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, дос жана бир тууган Мали элине жана өкмөтүнө чын дилибизден көңүл айтабыз».
Малидеги Ансонго аймагындагы Уатагуна районунда жайгашкан 4 айылга куралдуу террордук топтор кол салып ондогон кишилер каза тапкан, көптөгөн кишилер да жаракат алышкан болчу.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.