Эрен: «Түркия стипендиялары дүйнөдөгү эң көрүнүктүү стипендиялык программалардын бири»

Эрен Түркияга келген чет элдик студенттер менен жолугушту.

1688889
Эрен: «Түркия стипендиялары дүйнөдөгү эң көрүнүктүү стипендиялык программалардын бири»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Абдуллах Эрен, Түркия стипендияларынын дүйнөдөгү эң көрүнүктүү стипендиялык программалардын бири экенин айтты.

Эрен Түркия стипендиялары программасынын алкагында 2020-жылы стипендия алган, бирок коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам түрк тилин онлайн окуп Түркияга келген чет элдик студенттер менен жолугушту.

Түрк тили боюнча билимин Анкара менен Кырыккаледе улантып жаткан 233 студентке кайрылган Эрен: «Кадимки шарттарда биз сиздерди 2020 -жылдын сентябрь айында Түркияга алып келип, ошол учурда бул программаны аткарышыбыз керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу сиздерди Түркияга алып келе алган жокпуз. Бирок биз эмне кылдык, болжол менен 8 ай бою сиздерге түрк тилин онлайн үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик»,- деди.

Программада 55 өлкөдөн келген эл аралык студенттер бар экенин баса белгилеген Эрен, бардык континенттерден келген студенттердин онлайн курстар аркылуу түрк тилин белгилүү бир деңгээлге жеткиргендерине кубанганын айтты.

Студенттердин 2 ай бою да ылдамдатылган түркчө курсун ала турганын белгилеген Эрен: «Биз сиздерге Түркияга кош келипсиздер дейбиз. Түркия стипендиялары дүйнөдөгү эң көрүнүктүү стипендиялык программалардын бири. Көптөгөн өлкөлөрдө стипендиялык программалар бар. Түркия стипендиялары - бул дүйнөнүн эң көп өлкөлөрүнөн арыздарды кабыл алган стипендиялык программа болуп саналат», деди.

Эрен, студенттердин Анадолуга негизделген, цивилизациясы жана тарыхы терең болгон Түркия сыяктуу өлкөдө билим алуу бактысына ээ экенин белгилеп, саякат аркылуу түрк тилин өркүндөтүүнү жана Түркия менен таанышууну кеңеш кылды.



Тектеш кабарлар