Фахреттин Алтун : "Түркия эч кимдин күтүү залы эмес"

Фахреттин Алтун медиа мекемеси Bloombergге маалымат берди.

1685593
Фахреттин Алтун : "Түркия эч кимдин күтүү залы эмес"

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун АКШнын айрым афгандардын араларында Түркия да болгон үчүнчү өлкөлөр аркылуу АКШга миграция кайрылуусун жасай аларына байланыштуу билдирүүсүнө : "Түркия эч кимдин күтүүчү залы эмес жана болбойт",- деген сөздөр менен   каршылык көрсөттү. 

Фахреттин Алтун медиа мекемеси Bloombergге маалымат берди. Алтун билдирүүсүндө : "Түркия эч кимдин күтүү залы эмес жана болбойт. АКШнын мамлекеттик катчылыгынын АКШ каржылаган долбоор жана мекемелерде иштеген айрым Афганистан жарандарына үчүнчү өлкөлөргө барып АКШдан баш калкалоо талап кыла аларын билдирүүсү тынчсыздануу жаратууда",- деди. 

Аймактагы шарттар жана Түркиянын 4 миллиондон ашуун качкынды өлкөгө алгандыгын ойлогондо, мыйзамсыз миграцияга үндөөчү мындай чакырыктын эч качан кабыл алынбай тургандыгын айткан Алтун : "Чек ара коопсуздугубузду коргоо үчүн болгон күчүбүз менен иштөөнү улантабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар