Азербайжан Түркияга көңүл айтты
Азербайжан Түркиянын түрдүү аймактарында өрттүн чыгышы менен каза болгондор үчүн көңүл айтты.
1682527
Азербайжан Түркиянын түрдүү аймактарында өрттүн чыгышы менен каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов твиттерден берген маалыматында Түркияда токой өрттөрүнүн болуп жаткандыгын белгилеп, өрттөрдө жарандардын каза болушунан улам кайгысын билдирди. Каза болгондор үчүн Аллахтын ырайымын тилеген Байрамов : «Бул кыйын күндөрдө Түркиянын жанындабыз жана бардык жардамды бергенге даярбыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.