1915 Чанаккале көпүрөсүнүн 3 - палуба монтажы башталды
Көпүрөнүн Чанккале деңиз жеңишинин 107 – жылына туш келген 2022 – жыл 18 - мартта ишке кириши күтүлүүдө.
1915 Чанаккале көпүрөсүндө 3 - палуба монтажы башталды.
«Чанаккале кысыгынын мончогу» деп аталган долбоор үчүн Азия жагындагы Лапсеки Шекеркая менен Европа жагында орун алган Гелиболу Сүтлүже аймактарындагы курулуштарда 649 инженер менен 5000 киши иштеп жатат.
Ар бири 700 тонна салмактагы 87 палуба блогунун монтажы белгиленген жерлерге жайгаштырылууда.
Чоң палубаларды мотаждоодо жүздөгөн кран колдонулууда.
Жай мезгилинин акырына чейин бүткөрүлүшү пландалган иштин негизинде эки мунаранын ортосундагы үчүнчү палубанын монтажы башталды.
Ар бири 45 метр кеңдикте, 48 метр узундуктагы мега палуба блокторунун монтажынын бүтүшү менен көпүрө өткөөл жол катары колдонууга даяр болот.
Өзгөчөлүктөрүнөн улам «символдордун көпүрөсү» деп аталган 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн эки тарабынын аралыгы Түркия республикасынын курулушунун 100 - жылына карата 2023 метр болуп долбоорлонду.
Көпүрөнүн Чанккале деңиз жеңишинин 107 – жылына туш келген 2022 – жыл 18 - мартта ишке кириши күтүлүүдө.