Агрынын Патнос районунда "Эрен - 15" операциясы жүргүзүлдү
Операцияда 3 террорист жок кылынды.
Агрынын Патнос районунда жүрүп жаткан «Эрен - 15» операциясынын негизинде араларында ПККнын аймактык башкаруучулары да болгон 3 террорист жок кылынды.
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Картевин тоо аймагында учкучсуз аба аппараттары менен куралдуу учкучсуз аба аппараттары жардам берген операцияда араларында ПКК жикчил террордук уюм тарабынан Эрзурум аймагына жаңыдан милдеттендирилген 3 террорист куралдары менен жок кылынды.
Операцияда жикчил террордук уюмдун Чыгыш Анадолу жана Кара деңизге кирүүсүнө бөгөт коюлду. Кол салуу үчүн даярданган террористтерге карата операциялар улантылууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.