Түркия Францияны айыптады

Түркия Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Сирия Демократиялык Кеңеши СДКнын мүчөлөрү менен жолугушуусун айыптады.

1678039
Түркия Францияны айыптады

Түркия Франциянын президенти Еммануэль Макрондун ПКК жикчил террордук уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин жетекчилиги астындагы Сирия Демократиялык Кеңеши СДКнын мүчөлөрү менен жолугушуусун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен Макрондун СДКнын мүчөлөрү менен  жолугушкандыгы тууралуу маалымат берилди.  

Маалыматта буларга орун берилди : «Франциянын президенти Еммануэль Макрондун террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПНнын жетекчилиги астындагы СДК мүчөлөрү менен жолугушуусун айыптайбыз.

Франциянын бардык чакырууларыбызга карабастан бул колу кандуу террордук уюм жана уландысы менен улантып жаткан мамилеси Түркиянын улуттук коопсуздугу, Сириянын саясий кызматташуусу жана жеринин бүтүндүгүнүн сакталышы жана аймакта ырааттуулукту түзүү аракеттерине зыянын тийгизүүдө.

Бул уюмдун акыркы мезгилде уюмга кошулууну четке каккан жаштардын тынчтыкчыл митингдерин кандуу жол менен бастырышы, Африн ооруканасы сыяктуу жарандардык буталарды бомбалоосу, сириялык жарандарга кол салышы, камоого алынгандарды кыйноо менен өлтүрүү чындыктарын да француз жана эл аралык коомчулуктун эсине салабыз.

Түркиянын бул террордук уюмду жана уландылары менен күрөшүн бардык жерде чечкиндүүлүк менен улантарын дагы бир жолу кайталайбыз».



Тектеш кабарлар