Эрдоган Европа Биримдигинин адилеттик сотунун жоолук тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Европа адилеттик соту 15 -  июлда Германияда жоолуктарынан улам жумуштарынан алыстатылган 2 аялдын доосу тууралуу чечим чыгарган.

1677507
Эрдоган  Европа Биримдигинин адилеттик сотунун  жоолук тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигинин  адилеттик  сотунун мусулмандардын негизги укуктары менен эркиндиктерин бутага алган жоолук боюнча чечимине каршылык көрсөттү.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына кетер алдында өткөргөн пресс-конференциясында Европа Биримдигинин адилеттик сотунун жоолук чечимине байланыштуу буларды айтты : «Айрыкча, адилеттик соту өзүнүн атын өзгөртүшү керек. Алар өздөрүнүн адилеттик соту экендигин далилдеши керек. Бул сөздү барып кипа кийгендер үчүн айтышы керек. Кипа кийгендерге бул сөздү айта алышар бекен?».

Европа адилеттик соту 15 -  июлда Германияда жоолуктарынан улам жумуштарынан алыстатылган 2 аялдын доосу тууралуу чечим чыгарып, Европа Биримдиги фирмаларынын белгилүү шарттардын астында иштегендердин  жоолук салынышына «белгилүү шарттардын астында» тыюу сала аларына чечим чыгарган.  Соттун билдирүүсүндө : «Жумуш орундугунда  философиялык же диний ишеничтерге таандык кандайдыр бир символду колдонууга тыюу салынышы, жумуш берүүчүнүн кардарларга карата тарапсыз бир имидж сунуу же социалдык келишпестиктерди алдына алуу зарылчылыгы менен  туура болушу мүмкүн»,- деп билдирилген.

 



Тектеш кабарлар