Түркия коронавируска каршы эң көп вакцинациялоо боюнча 9 - өлкө
38 миллион 816 308 кишиге биринчи доза, 20 миллион 170 249 кишиге экинчи доза вакцина берилди.
1676754
Жалпы дүйнөдө Ковид - 19га каршы вакцинациялоо 3 миллиард 610 миллон дозадан ашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарына караганда Түркияда ушул күнгө чейин 62 миллион 578 908 доза вакцина берилди.
Түркия жалпы вакцинациялоо саны жагынан дүйнөдө 9 - орунду алып, ар бир 100 кишиге түшкөн вакцина саны 74, 15 болду. 38 миллион 816 308 кишиге биринчи доза, 20 миллион 170 249 кишиге экинчи доза вакцина берилди.