Түркия Германияга көңүл айтты

Германиянын батышында жамгырдан улам сел жана суу ташкынынан улам адамдарк аза болду.

1676084
Түркия Германияга көңүл айтты

Түркия Германиянын батышында ашыкча жамгыр жаашы себеп болгон сел жана суу ташкынынан улам каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Германиянын батышындагы сел апаатында 40тан ашуун адамдын каза болуп, 70тен ашуун адамдын да дайынсыз жоголушунан  санааркоолордун болгондугу белгиленди.

Маалыматта : «Каза болгондордун жакындарына, Германия федералдык республикасынын калкы менен өкмөтүнө көңүл айтабыз, жоголгон адамдардын кыска убакытта аман - эсен  табылышын каалайбыз. Жаракат алгандардын бат айыгып кетишин тилейбиз»,- деген сөздөр орун алды.

Германиянын батышындагы Рейнланд-Пфальц жана Түндүк Рейн-Вестфалия штаттарында ашыкча жааган жамгырдан улам сел жүрүп, суу ташкындары болду жана бул табигый кырсыктан да 42 адам каза тапкан.

Эки штаттын бир топ аймагында сел жана суу ташкындарынан улам үйлөр кулап, бир нече үйдүн кулоо коркунучунда экендиги белгиленип, издөө -  куткаруу иштери да улантылууда.



Тектеш кабарлар