Тышкы иштер министри Чавушоглу Самад Сейидовду кабыл алды
Мевлүт Чавушоглу твиттерден : «Шуша билдирүүсү менен бир туугандык байланыштарыбыз бардык тармакта дагы да бекемделүүдө»,- деп билдирди.
1675057
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжан улуттук парламентинин тышкы карым - катнаштар жана парламенттер аралык карым - катнаштар комитетинин төрагасы Самад Сейидов менен жолугушту.
Борбор шаар Анкарага келген Сейидов жана коштоосундагы делегацияны кабыл алгандыгына байланыштуу твиттерден маалымат берген Чавушоглу : «Шуша билдирүүсү менен бир туугандык байланыштарыбыз бардык тармакта дагы да бекемделүүдө»,- деди.
Чавушоглу жана Сейидов жолугушуусуна Түркия Улуттук парламентинин тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Акиф Чагатай Кылыч да катышты.