Президент Эрдоган : "ФЕТӨ менен акыркы мүчөсү калбай калганга чейин күрөшөбүз"

Эрдоган : «Өлкөбүздүн коопсуздугу эми чектерибизде эмес, коркунучтар болгон жерден башталууда»,- деди.

1675291
Президент Эрдоган : "ФЕТӨ менен акыркы мүчөсү калбай калганга чейин күрөшөбүз"

Президент Р. Т. Эрдоган ФЕТӨ менен акыркы мүчөсү калбай калганга чейин күрөшүүнү улантышарын белгиледи.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө эртең 15 -  июль төңкөрүш кыймылынын 5 жылдыгы экендигин эске салган Эрдоган : «Парламентибиз ал түнү тайманбастыгы менен ардагер атына ылайык экендигин дагы бир жолу көрсөттү. ФЕТӨнүн өлкөбүзгө кол салууну каалаган мүчөлөрүнүн бар экендиги ачык. Динди жамынып алып элди  эксплуатациялагандарга уруксат бербейбиз»,- деди.

«Башка террордук уюмдар менен күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен улантып жаткан болсок, ФЕТӨ менен  акыркы мүчөсү калбай калганга чейин күрөшөбүз»,- деген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Өлкөбүздүн коопсуздугу эми чектерибизде эмес, коркунучтар болгон жерден башталууда»,- деди.



Тектеш кабарлар