Министр Элван кесиптештери менен жолугушту

Лүтфи Элван, G20нын Каржы министрлеринин жана Борбордук банк жетекчилеринин жыйынына катышты.

1672826
Министр Элван кесиптештери менен жолугушту
elvan nam-ki hong.jpeg

Казына жана каржы министри Лүтфи Элван, Италиянын кожоюндугунда үчүнчүсү өткөрүлгөн G20нын Каржы министрлеринин жана Борбордук банк жетекчилеринин жыйынынын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) казына министри Жанет Л. Йеллен менен жолугушту.

Министр Элван социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн Йеллен менен жемиштүү жолугушуу өткөрүлгөндүгүн белгилеп: «Биз тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономикалык шартта Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанисине көңүл бурдук», деди.

Бир тараптан Лүтфи Элван түштүк кореялык кесиптеши Нам-Ки Хонг менен да жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жана дүйнөлүк экономикалык кырдаал талкууланды.



Тектеш кабарлар