Түркияда акыркы 10 күндө 8 миллион дозадан ашык вакцина сайылды

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа баракчасынан эмдөө иштери боюнча билдирүү жасады.

1672068
Түркияда акыркы 10 күндө 8 миллион дозадан ашык вакцина сайылды

Түркияда акыркы 10 күндө коронавируска (Ковид-19) каршы колдонулган вакциналардын саны 8 миллион дозадан ашты.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа баракчасынан эмдөө иштери боюнча билдирүү жасады.

Министр Кожа: «Акыркы 10 күндө сайылган вакциналардын саны 8 миллион дозадан ашты», деди.

Акыркы 10 күндө вакцинанын биринчи дозасын алгандар жөнүндө маалымат берген Кожа:

«Акыркы 10 күндүн ичинде биринчи дозасын алган адамдардын саны, башкача айтканда эмдөөдөн өтүүнү чечип жазылгандардын саны 4 миллион 330 миңден ашты. Тез аракет кылуу барыбызга күч берет, убакытты текке кетирүү тобокелге салат. Сизди дагы, айланаңыздагы эмделбеген берки адамдарды дагы», деп айтты.


Этикеткалар: #вакциналардын саны

Тектеш кабарлар