Акар: «Биз өлкөбүздүн жана Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн жагымдуу натыйжаларга жетишүүнү каалайбыз»

Министр Акар борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө Ооганстанды «Азиянын жүрөгү» жана өтө маанилүү өлкө деп мүнөздөдү.

1670928
Акар: «Биз өлкөбүздүн жана Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн жагымдуу натыйжаларга жетишүүнү каалайбыз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ооганстандагы «Хамид Карзай» атындагы эл аралык аэропорттун иштеши жана коопсуздугу боюнча сүйлөшүүлөр эртең Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министри Ллойд Жеймс Остин менен телефон аркылуу сүйлөшө тургандыгын билдирди.

Министр Акар борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө Ооганстанды «Азиянын жүрөгү» жана өтө маанилүү өлкө деп мүнөздөдү.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) токтомдорунун алкагында 2002-жылы кызматын баштагандан бери НАТОнун Эл аралык Коопсуздук Күчтөрүнө жана 2015-жылдан бери Чечкиндүү колдоо миссиясына салым кошконун белгилеген Акар, Түрк кеуралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Кабулдагы билим берүү боюнча консультативдик командирлик катары өз милдетин аткарууну улантып жаткандыгын айтты.

«Хамид Карзай» эл аралык аэропортунун коопсуздугу жана иштеши Ооганстан элинин келечеги үчүн чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеген Акар:«Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда. Биз муну башка өлкөлөр менен биргеликте кандайча жасай аларыбыздын үстүнөн иштеп жатабыз»,-деп айтты.

«Хамид Карзай» эл аралык аэропортунун Түркия тарабынан 6 жылдан бери иштетилип келе жатканына көңүл бурган Акар: «Аэропорт ачык жана иштетилиши керек. Биз бул жөнүндө билебиз. Эгер аэропорт иштебей калса, элчиликтер алынып салынат. Мындай учурда Ооганстан обочолонгон мамлекетке айланат жана эл аралык мамилелер жаатында олуттуу көйгөйлөргө туш болот.

Биз өлкөбүздүн жана Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн жагымдуу натыйжаларга жетишүүнү каалайбыз. Биздин максатыбыз - ооган боордошторубуздун коопсуздугуна, тынчтыгына жана жыргалчылыгына салымыбызды кошууну улантуу»,-деди.

Ушул алкакта Акар эртең АКШнын Коргоо министри Остин менен телефон аркылуу сүйлөшө тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар